«Манас» аэропортунан Москвага каттамдар жанданганын «Кыргызстандын аэропорттору» ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
Эске салсак, Москванын мэри Сергей Собянин кечээ кечинде борбор калаага кол салуу болгонун билдирген. Анын айтымында, абадан коргонуу 9 дронду жок кылган. Бишкек аэропортунда Москвага бардык каттамдар токтотулган болчу.
Бишкек убактысы боюнча саат 15:35те Домодедово аэропортуна багыт алган YK883 рейси жүргүнчүлөрдү отургуза баштады. Внуково аэропортуна КА503 жана Домодедово аэропортуна YK959 рейси үчүн катталуу башталды. Аэрофлоттун каттамдары бир аз кечигүү менен учат.