Жеңиш майрамына карата Бишкекте 2500дөн ашык милиция кызматкери кызмат өтөйт. Бул тууралуу борбор калаанын Ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы шаар тургундарын жана борбор калаанын конокторун тартипти сактоону жана укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин мыйзамдуу талаптарына түшүнүү менен мамиле кылууну өтүнөт.