«ПСЖ» клубу «Арсеналды» утуп, Чемпиондор Лигасынын финалына чыкты

10:00, 08 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com

Франциянын «Пари Сен-Жермен» футболдук клубу Чемпиондор Лигасынын жооптук жарым финалдык беттешинде Лондондун «Арсеналын» утуп, турнирдин финалына чыкты. Бул тууралуу чет элдик спорт басылмалары жазууда

Командалардын жолугушуусу Париждеги (Франция) «Парк де Принс» стадионунда өтүп, 2:1 эсебинде үй ээлеринин пайдасына аяктады. Жеңүүчүлөр голдорду Фабиан Руис (27-мүнөттө) жана Ашраф Хакими (72-) киргизди.

Ошол эле учурда 69-мүнөттө ПСЖнын жарым коргоочусу Витинья пенальтини аткара алган жок. Каннерлер үчүн гол киргизген Букайо Сака (76).

Эске салсак, Лондондо өткөн биринчи оюн 1:0 эсебинде ПСЖнын пайдасына аяктап, эки беттештин жалпы эсебинде (3:1) жеңишке жеткен.