Шашылыш билдирүү! ӨКМ тоолуу аймактарда сел жүрүшү мүмкүн экендигин эскертти

13:24, 08 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com

9-11-майларында республиканын тоо этектериндеги жана тоолуу райондорунда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги чукул билдирүү таратты.

Маалыматка ылайык, мүмкүн болгон локалдык нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн жана дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.