02:16
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

Казакстандын Кыргызстанга буудай экспорту эки эсеге өстү

Өзбекстан Казакстан экспорттогон жаңы түшүмдүн негизги сатып алуучусу болуп калды. Бул тууралуу Forbes Kazakhstan басылмасы жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, өткөн жылдын сентябрь айынан бери сегиз айдын ичинде Казакстан чет өлкөгө 7,6 миллион тонна буудай жөнөткөн. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырганда 58 пайызга көп.

Казакстандын эгининин басымдуу бөлүгү Өзбекстанга — 2,7 миллион тонна, бул өткөн сезонго салыштырмалуу дээрлик 30 пайызга көп.

Экинчи орунда Тажикстан 1,1 миллион тонна сатып алды, бул мурунку көлөмдөн бир жарым эсеге көп.

Үчүнчү орунда Иран 889 миң тонна менен турат, бул 2023-2024-жылдар мезгилине салыштырмалуу 16 эсеге көп.

Экспорттун эң кескин өсүшү Азербайжан багытында катталган — дээрлик 114 эсе, 569 миң тоннага чейин. Ооганстанга жеткирүү үчтөн бир эсе көбөйүп, 270 миң тоннага жетти.

Кыргызстанга экспорттун көлөмү эки эсеге өсүп, 181 миң тоннаны түздү.

Эң көп окулган жаңылыктар