18:31
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

«Ала-Арча» жаратылыш паркында амфитеатр ачылды

Бүгүн, 8-майда «Ала-Арча» жаратылыш паркында жаңы амфитеатрдын ачылыш аземи өттү. Бул тууралуу Президенттин иш башкамалыгынан билдиришти.

Амфитеатрды Иш башкармалыктын башчысы Каныбек Туманбаев расмий түрдө ачып, акыркы убактарда «Ала-Арча» паркында болуп жаткан чоң өзгөрүүлөргө токтолду.

«Учурда «Ала-Арча» жаратылыш паркында тынымсыз өзгөрүүлөр болууда. Алсак, Ала-Арча паркы Бишкек шаарынан 40 чакырым алыстыкта жайгашып, Кыргызстандын эң кооз жана туристтер көп келген эс алуу жайларынын бири. Парк жаратылышты коргоо, экотуризмди өнүктүрүү жана элдин маданий эс алуусун камсыздоо максатында тынымсыз жаңыланууда. Май айынан тарта парктын аймагына электрокарлар менен кирүү каралып, жаратылышыбыздын тазалыгын сактоо башкы максат болуп калды. Алдыда дагы да калктын ыңгайлуу эс алуусу үчүн шарттарды түзүүнү токтотпойбуз», — деди Туманбаев.

Бул жаңы ачылган амфитеатр — «Ала-Арча» паркын маданий иш-чаралар үчүн ыңгайлуу аймакка айландыруу багытындагы чоң кадам. Ала-Тоо кучагында жайгашкан бул маданий жай, келечекте концерттерди, театр көрсөтүүлөрүн, фестивалдарды жана башка коомдук маданий иш-чараларды өткөрүү үчүн мыкты аянтча болуп берери шексиз.

Ачылыш аземинин алкагында кыргыз эстрадасынын белгилүү ырчыларынын концерти бийчилер менен коштолуп, эс алууга келген жарандарга көңүлдүү маанай тартууланды. Музыкалык коштоолор табигый кооздук менен айкалышып, өзгөчө атмосфераны жаратты.

Эң көп окулган жаңылыктар