Бүгүн, 9-майда оңдоо иштери аяктагандан кийин Бишкекте Жаш Гвардия бульварынын дагы бир бөлүгү — Чүй проспектисинен Жибек Жолу проспектисине чейин батыш тарабында ачылат. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Өз кезегинде, ошол эле учурда жогоруда аталган тилкедеги жолдун чыгыш тарабы жабылган. Батыш тараптан убактылуу эки тараптуу кыймыл уюштурулат.
Калыбына келтирүү иштери графиктен озуу менен жүргүзүлүүдө. Подрядчик — «ДорСтрой Групп» ЖЧКсы.
Муниципалитет жакынкы аралыкта жол жээгиндеги аймакты жакшыртуу, анын ичинде унаа токтотуучу жайлардын чөнтөктөрүн оңдоо иштери жүргүзүлөрүн, ал эми жакынкы коммерциялык объектилердин менчик ээлеринин мэрия менен ижара келишими болгон шартта, алардын эсебинен жүргүзүлөрүн белгиледи.