Улуу Жеңишке 80 жыл: Бүгүн Бишкекте «Өчпөс полк» акциясы өтөт

09:05, 09 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бүгүн, 9-майда «Өлбөс полк» акциясы өтөт. Борбор калаанын басма сөз кызматынын билдиргенине караганда жүрүштүн багыты өзгөртүлдү.

Маалыматка ылайык, жүрүш жаңы маршрут менен — Жукеев-Пудовкин — Ибраимов көчөлөрү аркылуу өтөт.

Буга чейин колонна Байтик баатыр — Абрахманов көчөлөрү аркылуу жүрчү. Акцияга катышуучулар Дайыр Асанов атындагы паркта саат 8:00дө чогулуп, жүрүш саат 9:00дө башталат. Катышуучулардын баары Жеңиш аянтына 11:00гө келип калышы керек.