10:09, 09 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бүгүн, 9-майда Бишкекте Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 80 жылдыгына карата «Өлбөс полк» жөө жүрүшү өтүүдө.
Чогулгандар чоң аталары менен чоң энелеринин жана туугандарынын сүрөттөрүн көтөрүп, колонна менен Дайыр Асанов атындагы Жеңиш паркынан шаардын борборундагы Жеңиш аянтына жөө баратышат.
Иш-чара акыркы бир нече жылдан бери ар кандай себептер менен өткөрүлбөй келет.