Чет мамлекеттердин башчылары Кыргызстан элин Жеңиш күнү менен куттукташууда

11:30, 09 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com

Өзбекстандын, Казакстандын, Түркмөнстандын жана Тажикстандын президенттери Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Жеңиш күнү менен куттукташты. Бул тууралуу мамлекет башчынын басма сөз кызматы билдирди.

Өзбекстан Республикасынын Президенти Шавкат Мирзиёевдин куттуктоосу

«Бул улуу майрам бир тууган элдерибиздин кажыбас кайраттуулугунун жана өчпөс эрдигинин, тынчтык, бейпилдик жана эркиндик үчүн баатырдык күрөшүнүн жаркын символу болуп саналат.

Мен Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы түбөлүк достук жана ынак коңшулук принциптерине негизделген стратегиялык өнөктөштүк жогорку деңгээлдеги жолугушуулардын жана бардык макулдашууларды ишке ашыруунун аркасында, албетте, жаңы деңгээлге чыгаарына ишенем», — деп айтылат Шавкат Мирзиёевдин куттуктоо катында.

Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоосу

«Бул тарыхый дата — эркиндикти жана көз карандысыздыкты коргогон бардык элдердин чыныгы баатырдыгынын, майтарылбас эркинин жана өз жанын аябоочулугунун символу.

Жеңгендердин болуп көрбөгөндөй эрдиги урпактардын жүрөгүндө жашайт жана келечек муундарга адеп-ахлактык жол көрсөткүч катары кызмат кылат.

Адамзаттын тарыхындагы эң кандуу согуштун эң оор сыноолорун башынан өткөргөн элдерибиздин ортосундагы кылымдардан бери келе жаткан достук байланыштар мындан ары да чыңдала берерине, Казакстан менен Кыргызстандын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жана союздаштыктын бекем пайдубалы катары каларына ишенем», — деп айтылат Касым-Жомарт Токаевдин куттуктоо катында.

Түркмөнстандын президенти Сердар Бердымухамедовдун куттуктоосу

«Ушул өзгөчө маанилүү күнү биз келечек муундардын бейпил жашоосу жана бүткүл адамзаттын бактылуу келечеги үчүн тайманбастан салгылашкандардын, ошондой эле өздөрүнүн талыкпаган жана жан аябас эмгеги менен жаркын Жеңиш күнүн жакындаткан тыл эмгекчилеринин ысымдарын өзгөчө ыраазычылык жана сыймыктануу менен эскеребиз.

Ата-бабаларыбыздын эрдиктери менен баатырдыгын түбөлүккө эске сактоо өлкөлөрүбүздүн ортосундагы достук жана ар тараптуу кызматташтык мамилелерди мындан ары да чыңдоо үчүн бекем пайдубал болуп кала берет деп ишенем», — деп айтылат Сердар Бердымухамедовдун куттуктоо катында.

Тажикстандын президенти Эмомали Рахмондун куттуктоосу

«Бул күн, арадан ондогон жылдар өтсө дагы, биримдиктин, тилектештиктин жана оор сыноолордо туруктуулуктун үлгүсү иретинде өлкөлөрүбүздү жана элдерибизди жакындаткан маанилүү тарыхый окуялардын катарында турат. Улуу Жеңиштин элеси муундан муунга өтүп, бизди жаңы маанилүү жетишкендиктерге шыктандырып келет.

Улуу Ата Мекендик согуштагы жалпы жеңиштин кебелбес духуна негизделген жалпы тарыхый мурас мындан ары да биздин өлкөлөр менен элдерибиздин бакубаттуулугу жана гармониялуу өнүгүүсү үчүн достук жана жемиштүү кызматташтык мамилелеринин бекем пайдубалы катары кызмат кыла берерине ишенем», — деп айтылат Эмомали Рахмондун куттуктоо телеграммасында.