Кыргызстанда жер титирөө болду

12:45, 09 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com

Бүгүн Кыргызстанда жер титирөө болду. Бул тууралуу Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институту билдирди.

Маалыматка ылайык, жер титирөө 9-майда саат 5:16да катталган. Жер титирөөнүн очогу Кыргызстандын аймагында, Орто-Сырт жана Кара-Булак айылдарынан 7 чакырым түштүк-чыгышта (Нарын облусунун Ат-Башы району) жайгашкан.

Кыргыз Республикасынын калктуу пункттарында жер титирөөнүн күчү Орто-Сырт жана Кара-Булак айылдарында 2,5 баллга жеткен.