Эртең, 10-майда түнкүсүн Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Талас, Баткен, Ысык-Көл облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, Чүй, Ош, Жалал-Абад, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт.
Күндүз Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй аймагында түнкүсүн +12...+17, күндүз +24...+29;
Талас дубанында түнкүсүн +7...+12, күндүз +21...+26;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12...+17, күндүз +26...+31;
Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн +8...+13, күндүз +17...+22;
Нарын жергесинде түнкүсүн +6...+11; күндүз +23...+28.
Ал эми борбор калаа Бишкекте мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Абанын температурасы түнкүсүн +15...+17, күндүз +25...+27 градус болот.