Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеевге катуу сөгүш жарыяланды, деп билдирди президенттин басма сөз кызматы.
Маалыматка ылайык, мамлекет башчы буйрукка кол койгон, анда өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажыкеев өзүнө жүктөлгөн милдеттерди талаптагыдай аткарбагандыгы үчүн катуу сөгүш түрүндө тартиптик жаза берилди.
Аткаминер эмне үчүн жазаланганы азырынча тактала элек.