Кыргызстанда мектептерде 100 миңден ашык бала катталган. Бул тууралуу 1mektep.edu.gov.kg порталындагы ачык маалыматтарда айтылат.
Анын ичинде 1,4 миң бенефициар катталган. Бош калган 185 миң орун бар.
Бишкек шаарында 6,8 миңден ашык бала 1-класска, 8,2 миң бала экинчи класска барат.
Эскерте кетсек, электрондук каттоонун биринчи этабы туруктуу катталган дарек боюнча — 1-июнга чейин жүргүзүлөт. Бул убакытка чейин ата-энелер мектепти тандаганын ырасташы керек. 2-июндан 15-августка чейин электрондук каттоо иш жүзүндө жашаган жери боюнча (каттоо дарегине карабастан) жүргүзүлөт.
12 жылдык билим берүүгө өткөндүгүнө байланыштуу азыр биринчи жана экинчи класстар үчүн да каттоо ачык. Система 2018-жылы төрөлгөн балдарды 2-класска, 2019-жылы төрөлгөн балдарды биринчи класска автоматтык түрдө берет.