21:27
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

Бишкекте Эл акыны Сооронбай Жусуевге эстелик ташы орнотулду

Бүгүн, 12-майда Кыргыз Республикасынын Баатыры, Кыргыз Республикасынын эл акыны, ІІІ даражадагы «Манас» орденинин ээси, Токтогул атындагы Мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу Сооронбай Жусуевдин туулган күнүнүн 100 жылдык мааракесинин алкагында Бишкек шаарындагы Тоголок Молдо атындагы сейил бакта акындын эстелик ташы орнотулду.

Маданият министрлигинен билдиришкендей, иш-чарага маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Тимурлан Ажымалиев, Жогорку Кеңештин депутаты Чолпон Султанбекова, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев, Улуттук жазуучулар союзунун төрагасы Каныбек Иманалиев жана акындын жакындары, замандаштары, акын-жазуучулар, маданият ишмерлери, күйөрмандары катышты.

Белгилей кетсек, Сооронбай Жусуевдин эстелик ташын орнотуу демилгеси акындын туулган күнүнүн 100 жылдык мааракесинин иш-чаралар планына ылайык ишке ашырылды.

Эң көп окулган жаңылыктар