Бишкекте төрт жаңы жолдун курулушу пландалууда. Бул тууралуу Биринчи радионун түз эфиринде Бишкек шаардык мэриясынын Транспорт жана жол транспорт инфраструктурасын өнүктүрүү башкармалыгынын башкы адиси Азамат Осмоналиев билдирди.
Анын айтымында, Токтоналиев көчөсүн бойлой Масалиевден Чыңгыз Айтматов проспектисине чейин Молодежный квартал кичи району аркылуу жаңы жолду куруу иштери башталды.
«Мурда ал жерде жол кыймылга анча ынгайсыз болчу. Эми ал жерде тротуарлары, арыктары, аялдамасы бар толук кандуу төрт тилкелүү жол болот, — дейт Азамат Осмоналиев. — Башкармалык дагы үч жаңы жолдун курулушу боюнча долбоордук-изилдөө иштерин жүргүзүүдө: Сухе-Батор көчөсүнөн 7-апрелден Аутезов көчөсүнө чейин, Достев көчөсүнөн жана Ауэзов көчөсү менен Анкара көчөсүнөн Сухэ-Баторго чейин».
Ал белгилегендей, шаардын чыгыш тарабындагы жаңы жолдордун курулушу аяктагандан кийин унаа тыгыны көйгөйү «белгилүү бир пайызга» чечилет.
«Учурда Горький менен Достоевскийде тыгындарды көрүп жатабыз. Жаңы жолдор салынса, ал жерде маселе чечилип, айдоочулардын жолу 2-3 эсеге кыскарат деп ойлойм», — деп кошумчалады Азамат Осмоналиев.