19:18
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

13-майга карата аба ырайы

Эртең, 13-майда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында күн ачык болот. Ысык-Көл, Нарын облустарынын тоолуу аймактарында түндө жаан-чачын болушу ыктымал.

Абанын температурасы:

Чүй аймагында түнкүсүн +12...+17, күндүз +28...+33;

Талас дубанында түнкүсүн +10...+15, күндүз +27...+32;

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн +12...+17, күндүз +29...+34;

Ысык-Көл өрөөнүндө түнкүсүн +5...+10, күндүз +19...+24;

Нарында түнкүсүн +2...+7; күндүз +18... +23.

Ал эми борбор калаа Бишкекте түнкүсүн +14...+16, күндүз +30...+32 градус болот.

Эң көп окулган жаңылыктар