20:44
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

Бүгүн Бишкекте сумо боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт

Бүгүн, 13-майда Каба уулу Кожомкул атындагы спорт ордосунда жаштар жана чоңдор арасында сумо боюнча Кыргызстандын чемпионаты өтөт. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, мелдешке республиканын бардык аймактарынан келген спортчулар катышат.

Жеңүүчүлөргө Спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясы тарабынан тиешелүү даражадагы диплом жана медалдар тапшырылат.

Катышуучулар төмөнкү салмак категориясында күч сынашат:

Кыздар: 50, 60, 65, 73, 80, +80 кг;

Балдар: 50, 60, 70, 80, 100, +100 кг;

Кыз-келиндер: 55, 65, 73, 80, +80 кг

Эркектер: 70, 77, 85, 100, 115, +115 кг,

Эң көп окулган жаңылыктар