Кыргызстанда акыркы суткада 12 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, анын ичинен:
— Бишкек шаарында — 3;
— Ош шаарында — 1;
— Чүй облусунда — 3;
— Жалал-Абад облусунда — 3;
— Ысык-Көл облусунда — 2.
Тилсиз жоону өчүрүүгө өрттү өчүрүүгө 13 күжүрмөн эсеп тартылган.