20:59
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

Пайдалуу кеңеш: Дарыгер жүрөк көйгөйлөрүнүн үч белгисин атады

Кардиолог Аурелио Рохас жүрөк ооруларын үч белги менен аныктоого болорун айтты. Бул тууралуу Lenta.ru сайты жазууда.

Дарыгер маегинде белгилегендей, эс алуу учурунда да пайда болгон дем алуу кыйындашы жүрөк ооруларынан кабар берет. «Сиз дем алуу үчүн керебетиңиздин четине отурасыз, же жаздыктарды адаттагыдан көп колдоносуз», — деп түшүндүрдү адис.

Дарыгер ошондой эле көкүрөктө ыңгайсыздык пайда болсо, жүрөктү текшерүүнү сунуштады. Ал адатта күнүмдүк физикалык көнүгүү учурунда, мисалы, тепкичке чыгууда же өйдө көтөрүлгөндө пайда болот. Рохас эң айкын белги күндүн аягында пайда болгон ылдыйкы буттун шишиги экенин кошумчалады.

Эң көп окулган жаңылыктар