Кыргызстандын экономикасы өнүгүүнүн жогорку баскычтарын көрсөтүүдө

11:33, 13 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com

2025-жылдын биринчи кварталынын жыйынтыгы боюнча Кыргызстандын экономикасы өнүгүүнүн жогорку темптерин көрсөтүүдө. Евразия өнүктүрүү банкынын маалыматы боюнча январь-март айларында ИДПнын өсүшү 13,1 пайызды түзгөн.

ЕӨБ талдоочулары кошумчалагандай, үстүбүздөгү жылдын үч айында экономиканын негизги кыймылдаткычы жогорку керектөө активдүүлүгү болгон — ички соода 10,5 пайызга, мейманканалар жана ресторандар көрсөткөн кызматтардын көлөмү — 25,1 пайызга өскөн.

Мунун алкагында коммерциялык банктар тарабынан насыялоонун олуттуу өсүшү байкалууда. Январь-март айларында жаңы насыянын көлөмү өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 48,6 пайызга өскөн.

Эксперттер мындай маалыматтар буга чейинки экономикалык кыйынчылыктардан арылуудан кабар берет деп эсептешет.