12:16, 13 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com
Интерпол аркылуу издөөдө жүргөн чет элдик жаран «Манас» аэропортунан кармалды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, эл аралык издөөдө жүргөн 1979-жылы туулган чет элдик жаран «Манас» аэропортунан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасын кесип өтүүгө аракет кылган учурда кармалган.