13:02, 13 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бишкек шаардык сотунун коллегиясы активист Рита Карасартованын баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча арызын канааттандырган жок. Арыз канааттандыруусуз калтырылып, Свердлов райондук сотунун чечими күчүндө калды.
Эске салсак, 14-апрелде Рита Карасартовага Кылмыш-жаза кодексинин 278-беренесинин («Массалык башаламандыктар») 3-пункту («Бийлик өкүлдөрүнүн мыйзамдуу талаптарына жигердүү баш ийбөөгө жана массалык башаламандыктарга чакырыктар, ошого тете жарандарга зомбулук көрсөтүүгө чакырыктар») боюнча айып тагылганын жарыялаган.