21:04
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

Орусиянын кара тизмесинен 4 миңдей кыргызстандыктар чыгарылды

Орусиянын кара тизмесинен 4 миңдей кыргызстандыктар чыгарылды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министринин орун басары Бакыт Дарманкул уулу Биринчи радионун түз эфиринде билдирди.

Анын айтымында, акыркы маалыматтар боюнча, учурда Россия Федерациясынын кара тизмесинде 593 миң адам бар.

«Алардын ичинен биздин мекендештерибиздин саны 74 миң адамды түздү. Жакында 4 миң мекендешибиз андан чыгарылды. Дагы 36 миң мекендешибиз манжа изинен өтүштү, балким кара тизмеден чыгышы мүмкүн. Бирок банктык карызы же кандайдыр бир медициналык көрсөткүчтөрү боюнча маселе жаралса, тизмеде кала берсе болот», — дейт Бакыт Дарманкул уулу.

Ал кошумчалагандай, Россия Федерациясынын аймагында жүргөн жана ар кандай себептер менен миграциялык мыйзамдарды бузуучулардын реестрине (кара тизмеге) кирген Кыргыз Республикасынын жарандарына 2025-жылдын 10-сентябрына чейин алардын укуктук абалын жөнгө салуу жана бул тизмеден чыгуу мүмкүнчүлүгү берилген.

«Жарандарды легалдаштыруу мөөнөтүн акыркы мүнөттөргө калтырбоого жана алардын статусун азыртан жөнгө салууга чакырам. Учурда мекендештерибизге кырдаалды түшүндүрүү боюнча маалымат кампаниясын жүргүзүп жатабыз», — деп белгиледи министрдин орун басары.

Ал белгилегендей, ар ким өзүнүн статусун Migrant.kg сайтынан көрө алат.

Эң көп окулган жаңылыктар