Ташиевдердин үй-бүлөсү мунай базасын сатып, Жалал-Абад облусунун Сузак районундагы Чокмор айылына Эне жана баланы коргоо борборун куруп беришти. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров борбордун ачылышында билдирди.
Жаңы медициналык борбор Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Камчыбек Ташиевдин апасы Алийма Ташиевдин урматына аталды.
Мамлекет башчысы 280 миң калкы бар Сузак району — өлкөбүздөгү ири райондордун бири экенин ырастады. Ошондуктан энелерге жана балдарга сапаттуу медициналык кызмат көрсөтүү үчүн кошумча ооруканага болгон муктаждык жаралып келген.
«Бул боюнча кайрылуу каттар да келип, жолугушууларда өтүнүчтөр дагы айтылган эле. 65 орунга ылайыкташкан Сузак аймактык ооруканасынын төрөт бөлүмү суткасына төрөт көп болгон учурларда кошумча орундардын, дарыгерлердин жана заманбап медициналык жабдуулардын тартыштыгынан улам бир топ эле кыйынчылыктарды тартып келишкени белгилүү болчу», — деп белгиледи президент.
Заманбап төрөт бөлүмү жана балдар ооруканасы жайгашкан үч кабаттуу имарат 150 орунга ылайыкташкан. Объектти курууга жергиликтүү бийлик тарабынан 3 гектар жер бөлүнгөн. Медициналык мекеменин курулушуна 570 миллион сом сарпталды.
«Акыркы жылдары өлкөбүздүн медицина тармагын жакшыртуу аракеттерибиздин алкагында, мына ушундай заманбап ооруканалардын курулушуна өзгөчө маани берилүүдө. Бул иште колу ачык, жоомарт мекендештерибиздин дагы үлүшү бар», — деп баса көрсөттү Садыр Жапаров.
Жамаат менен баарлашкан соң алардын маянасы тууралуу сурап, жакынкы арада көбөйөрүн айтты. УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев медициналык мекеменин кызматкерлери кызматтык турак жай жана Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан курулуп жаткан батирлер менен камсыздала турганын кошумчалап, ошондой эле эмгек акы фондун эки эсеге көбөйтүү жөнүндө айтып берди.
Соңунда Садыр Жапаров ооруканага эки тез жардам унаасын тапшырды.
Президент Садыр Жапаров жергиликтүү эл менен да жолугушту, алар облуска көңүл бургандыгы жана жүргүзүлүп жаткан реформалар үчүн ыраазычылык билдиришти. Баарлашуунун жүрүшүндө алар жаңы төрөт үйүндө Мекенине сыймык менен кызмат өтөй турган Кыргызстандын татыктуу уул-кыздары төрөлсүн деген тилектерин айтышты