Төрт айда Кыргызстандан 143,7 тонна бал экспорттолгон. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 45,9 тоннага көп. 2024-жылы ушул эле төрт айда 97,8 тонна экспорттолгон. Ошентип экспорт 47 пайызга өстү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматына ылайык, экспорттун негизги багыттары (2025-жылдын төрт айына):
• Кытай — 82 тонна (эң ири импортер);
• БАЭ — 24,5 тонна;
• Өзбекстан — 15 тонна;
• Кувейт — 4,6 тонна;
• Катар — 6,3 тонна.
Импорттоо:
• 2024 — 44,8 тонна;
• 2025 — 0,5 тонна.
Ведомство импорт иш жүзүндө токтоп калганын белгилейт, бул ата мекендик өндүрүштүн жетиштүүлүгүн жана ата мекендик балга болгон ишенимдин өсүп жатканын айгинелейт.