01:34
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

Фердауз Убарикова парадзюдо боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль утту

Кыргызстандык спортчу Фердауз Убарикова Астанада (Казакстан) башталган парадзюдо боюнча дүйнө чемпионатында күмүш медаль тагынды. Бул тууралуу спорттун бул түрү боюнча федерация социалдык тармактарда билдирди.

Кыргызстандык спортчу J1 категориясында (46 килограммга чейин) күч сынашкан.

Аталган федерациядан белгилешкендей, бул медаль Кыргыз Республикасы үчүн парадзюдо боюнча дүйнө чемпионатында биринчи болгон.

13-майдан 15-майга чейин Астана шаарында дзюдо боюнча IBSA World Championships Astana 2025 өтүүдө. Турнир лицензиялык статуска ээ жана 2028-жылы Лос-Анжелесте өтө турган Паралимпиадалык оюндарга квалификациялык системанын бир бөлүгү болуп саналат.

Эң көп окулган жаңылыктар