14-майда күтүлгөн аба ырайы

18:41, 13 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com

14-майга караган түнү Нарын облусунун айрым жерлеринде өткүн өтүп, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүз Нарын облусунун көпчүлүк аймактарында, Ысык-Көл облусунун айрым жерлеринде, Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Чүй, Ош, Жалал-Абад облустарынын дыйканчылык аймактарында жана Талас, Баткен облустарында жаан-чачын жаабайт.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн 13...18, күндүз 30...35;

Талас жергесинде түнкүсүн 11...16, күндүз 29...34;

Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 14...19, күндүз 31...36;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 21...26;

Нарын облусунда түнкүсүн 4...9, күндүз 20...25;

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн −3...+2, күндүз 8...13.

Бишкекте жаан-чачын болбойт. Абанын температурасы түнкүсүн 15...17, күндүз 32...34 градус болот.