Март айында Кыргызстанга которулган акчанын көлөмү 294,5 миллион долларды түздү

10:11, 14 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com

2025-жылдын март айында Кыргызстанга акча которуулардын көлөмү 294,5 миллион долларды түздү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди.

Негизги агым КМШ өлкөлөрүнөн келген — 281,3 млн доллар. Чет өлкөлөрдөн 13,3 миллион доллар түшкөн.

Ошол эле учурда Кыргызстандан чет өлкөлөргө которулган трансферттердин көлөмү 28 миллион долларды түздү. Анын 24 миллион доллары КМШ өлкөлөрүнө, 4 миллиону алыскы чет өлкөлөргө жөнөтүлгөн.