21:10
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

Кыргызстандыктар майыптыгы боюнча пенсия кечиктирилип жатканын айтышууда

Кыргызстанда бала кезинен майыптыгы боюнча пенсия кечиктирилип берилүүдө. Бул тууралуу 24-kg.com агенттигине окурмандар билдиришти.

Ысык-Көл облусунун Жети-Өгүз районундагы Кызыл-Суу айылынын тургунунун айтымында, төлөмдөр мурда ар бир айдын 9-10унда түшчү, бирок бүгүн 14-май, акча жок, себебин эч ким билбейт деп жатат.

Бишкектин Биринчи Май районунун тургуну аларда да ушундай көйгөй бар экенин кошумчалады. «Мурда майрамдарга байланыштуу төлөмдөр эки күнгө гана кечиктирилип келген», — деп белгиледи ал.

Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлиги 24-kg.com агенттигине каржылоодо көйгөй жок экенин, акча 15-майга чейин келиши керектигин билдирди.

Эске салсак, Кыргызстанда 1-майдан 11-майга чейин жумуш эмес күн болгон.

Жаңылыкты 0555312024 номерине WhatsAppка жөнөтүп кабарласаңыз болот.

Эң көп окулган жаңылыктар