19:00
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

Шашылыш билдирүү! Кыргызстанда +40 градуска чейин ысык аба ырайы күтүлүүдө

Кыргызстанда 16-17-майда өтө ысык аба ырайы күтүлүүдө. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Маалыматка ылайык, 16-17-майда ысык аба-ырайы күтүлөт:

— абанын күндүзгү температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын өрөөндөрүндө 35...40°ка чейин;

— Талас облусунда 33...38°ка чейин жогорулашы мүмкүн.

ӨКМ мындай кургак ысык аба ырайында суусоодон жана ысык өткөрүп алуудан сактануу үчүн күндүз күн ачык жерлерде көпкө жүрбөөгө чакырат. Ошондой эле айыл чарба өсүмдүктөрүн кеңири суугаруу сунушталат.

Эң көп окулган жаңылыктар