Апта соңунда Бишкекте жаан жаашы күтүлөт. Мындай божомолду синоптиктер билдирди.
15-майда күн ачык. Күндүз абанын температурасы +35 градус болот. Түнкүсүн термометр +16 градуска чейин төмөндөйт.
16-17-майда да кургакчыл болот. Абанын температурасы түнкүсүн +17 градуска чейин жетип, күндүз +38 градуска чейин ысышы күтүлүүдө.
18-майда түнкүсүн +18 градуска чейин жылуу болот. Маалыматка ылайык, жаан жаап, аба +33 градуска чейин жылыйт.