21:13
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

Мирлан Самыйкожо: «Кыргыз-казак айтышы биринчи жолу Парижде өтөт»

Тарыхта биринчи жолу кыргыз-казак айтышы Францияда өтөт. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Мирлан Самыйкожо билдирди.

Анын айтымында, бүгүн же эртең кыргыз акындары Парижге жөнөп жатышат.

«Кыргыз-казак айтышын эл өкүлү Шайырбек Ташиев экөөбүз элчи Садык Шер-Нияз менен биргеликте уюштуруп, маданиятыбызга алгылыктуу эмгек жаратып келсекпи деп жатабыз. Бул дагы келечек үчүн өтө чоң тарыхый иш болот. Кыргыз сөзү, кыргыз тили дүйнөдө ырдалып, дүйнөдө кыргыздын комузу чертилип, кыргыз акындары ырдап, элдин биримдигин, ынтымагын, кыргыз-казак элинин достугу айтылып турса, жакшы болот деген ойдомун», — деди Мирлан Самыйкожо.

«Манас» театрынан билдиришкендей, 17-майда Париждеги ЮНЕСКОнун башкы кеңсесинин залында кыргыз-казак эл аралык айтышы өтөт.

Эң көп окулган жаңылыктар