20:49
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

ЖК жаңы Жогорку билим берүү жана Агартуу министрлеринин талапкерлигин жактырды

Жогорку Кеңештин бүгүн, 14-майдагы жалпы жыйынында депутаттар бул кызматка макулдук берүү маселесин карашты.

Догдуркүл Кендирбаева Агартуу министри болуп, Бактияр Орозов Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри болуп дайындалды.

Талкуунун жыйынтыгында парламент эки талапкердин тең министр болуп дайындалышын бир добуштан жактырды.

Эске сала кетсек, буга чейин Садыр Жапаров Билим берүү министрлиги менен Илим, жогорку билим берүү жана инновация министрлигин түзүү тууралуу жарлыкка кол койгон. Билим берүү жана илим министрлиги менен Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттиктин базасында эки өз алдынча министрлик түзүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар