23:15
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

Кыргызстандын Кореядагы элчилиги жаңы имаратка көчтү

Кыргызстандын Кореядагы элчилиги жаңы имаратка көчүрүлдү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда элчилик Сеул шаары, Чонно-гу, Чонгун-донг, 53-57 (Чахамун-ро, 125-12) дареги боюнча иш алып барууда.

Жаңы имарат Сеул шаарынын борбордук бөлүгүндө жайгашып, негизги метро жана автобус багыттарына жакын болгондуктан элчиликке жетүү кыйла жеңилдейт.

Белгиленгендей, бардык суроолор боюнча төмөнкү телефондорго кайрылууга болот: +82 10 9527 9020 (өзгөчө кырдаалдар үчүн: +82 10 9798 0951).

Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы
Фото Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы. Кыргызстандын Кореядагы элчилиги жаңы имараты

Апрель айында тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев ведомство Кыргызстандын Женева жана Сеулдагы элчиликтери үчүн имараттарды сатып аларын билдирген. Анын айтымында, бул имараттардын баасы 5 миллион долларга чейин жетет. Ошондой эле эки жылдын ичинде Англия менен Япониядагы элчиликтер үчүн имараттарды сатып алуу пландаштырылган, бул мүлктүн баасы 10 миллион долларды түзөт.

Эң көп окулган жаңылыктар