18:26
USD 87.45
EUR 98.46
RUB 1.09

Быйыл Кыргызстанда 80 миңден ашык окуучу 11-классты аяктайт

2024/25-окуу жылында Кыргызстанда 80 348 окуучу 11-классты аяктайт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги билдирди.

Башкармалыктын маалыматы боюнча, 9-классты 135 миң 681 окуучу аяктап жатат.

Эскерте кетсек, бардык жалпы билим берүү уюмдарында акыркы коңгуроо 26-майда кагылат. Билим берүү министрлиги акча чогултууга, фейерверктерди колдонууга жана экологияга зыяндуу гелий шарларын учурууга, ошондой эле бүтүрүүчүлөр жана алардын ата-энелери үчүн кошумча иш-чараларды уюштурууга тыюу салган.

2-17-июнь аралыгында 2024/25-окуу жылынын 9 жана 11-класстарынын бүтүрүүчүлөрү үчүн төрт предмет боюнча мамлекеттик жыйынтыктоочу аттестация өткөрүлөт.

Эң көп окулган жаңылыктар