2025-жылдын январь-апрель айларында Кыргыз Республикасынын социалдык-экономикалык абалы негизги көрсөткүчтөрдүн өсүшү менен мүнөздөлдү. Улуттук статистикалык комитеттин алдын ала эсептөөлөрү боюнча, ички дүң продукт (ИДП) ушул убакыт аралыгында 442,4 миллиард сомго жетип, 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 11,7 пайызга өскөн.
Өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө арналган пресс-конференцияда белгиленгендей, ИДПнын өсүшүнө товардык өндүрүш секторлорунун, тейлөө чөйрөсүнүн жана продукцияга салыктын көлөмүнүн өсүшү таасир эткен.
ИДПнын түзүмүндө эң чоң үлүштү кызмат көрсөтүүчү тармактар ээлеген – алардын салымы 52 пайызды түзгөн. Өнөр жайдын үлүшү 20 пайызга, айыл чарбасы 4 пайыздан ашык, курулуш 6 пайыздан ашты.
2025-жылдын январь-апрель айларында өнөр жай өндүрүшүнүн көлөмү 209 миллиард сомдон ашыкты түздү, бул 2024-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 14,5 пайызга көп.
Өнөр жай өндүрүшүнүн өсүшү аффинаждалган мунай продуктуларын, тамак-аш азыктарын жана тамеки буюмдарын, жыгач жана кагаз буюмдарын, басма продукциясын, фармацевтика продукциясын, резина жана пластмасса буюмдарын, курулуш материалдарын, химиялык продуктыларды жана негизги металлдарды өндүрүүнүн көлөмүн көбөйтүүнүн эсебинен камсыз кылынат. Ошондой эле тоо-кен казып алуу көлөмүнүн өсүшү белгиленди.
Ошол эле учурда текстиль жана тигүү өндүрүшүнүн көлөмүнүн төмөндөшү байкалган.