23:11
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

Өзүн К.Ташиевдин уулумун деп көрсөткөн. Алдамчылыкка шектелген жаран кармалды

Өзүн Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиевдин уулу Таймурас деп тааныштырган алдамчыны кармады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, ал «Б.Х.» компаниясынын жетекчилигин алдоо жолу менен бетон үчүн химиялык реагенттерди берүү боюнча келишим түзүүгө көндүргөн Д.Р.Д. аттуу жаран болгон.

Тактап айтканда, Д.Р.Д. келишим түзүү максатында компаниянын жетекчилиги менен телефон аркылуу сүйлөшүү учурунда үнүн манипуляциялап, Whatsapp тиркемесине Таймурас Ташиевдин сүрөтүн коюп, өзүнүн өкүлүн компаниянын кеңсесине жөнөткөн, андан кийин өз алдынча кеңсеге келип, аны менен келишим түзүүнү талап кылган.

Келишимдин жыйынтыгында ишканага 495 миң сомдук 8 тонна химиялык зат жана аванс катары 80 миң АКШ долларынан ашык Lexus RX350 жана Hyundai Avante үлгүсүндөгү автоунаалар которулган.

Азыркы учурда ага карата «Алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголуп, убактылуу кармоочу жайына киргизилди.



Эң көп окулган жаңылыктар