21:15
USD 87.45
EUR 98.45
RUB 1.08

Бишкекте эл акыны Сооронбай Жусуевдин 100 жылдык мааракеси белгиленди

Бүгүн, 15-майда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу КР Баатыры, залкар акын Сооронбай Жусуевдин 100 жылдыгына арналган маарекелик иш-чарага катышты. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.

Ал даңазалуу калемгер Сооронбай Жусуев чыгармаларын жасап эмес, жашап жазган акындардын бири экенин белгиледи.

"Кырчындай курагы кан күйгөн согуш учуруна туш келгендиктен алгачкы чыгармалары ошол алааматка байланышкан. Тагыраагы, акындын ырлары элди мекенчилдикке үндөп, айрыкча жаштарды ата-журт үчүн кызмат кылууга багыттайт”, - деди төрага.

Ошондой эле кыргыздын чыгаан уул-кыздарынын көпчүлүгү, тоолуу аймактардан, берекеси төгүлгөн элет жерлеринен чыкканын мисал кылган төрага: “Ошол эле Токтогул, Жеңижок сындуу Сооронбай Жусуев да аскасы асман тиреген, тоолуу аймакта төрөлгөн. Ага ылайык, чыгармалары да тоолордой салмактуу ойлорго бай”, – деп кошумчалады.

Мындан тышкары, жаратман акын мыкты котормочу да болгонун айткан Нурланбек Тургунбек уулу ал Шекспир, Пушкин, Лермонтов, Шевченко, Омар Хайам, Маяковский, Есенин өңдүү бир топ акындардын чыгармаларын кыргыз окурмандарына тартуулаганын билдирди.

“Айрыкча боордош түркмөн элинин улуу акыны Мактымкулинин философиялык ойлорду камтыган ырларын бийик чеберчилик менен которгон. Жеке мен Сооронбай Жусуевдин котормосу аркылуу Мактымкулинин чыгармачылыгын, жараткан эмгектерин тааныгам”,-деди Төрага.

Муну менен катар улуу акындын адамдык сапаттарына да токтолгон Жогорку Кеңештин Төрагасы: “Чыгармачыл инсандардын арасында жазганы менен жүргөн-турганы айырмаланган адамдар арбын кездешет. Ал эми Сооронбай Жусуев ырларындагы орошон ойлорундай бийик адамгерчиликке ээ, мыкты инсан эле. Мамлекеттик гезитте Башкы редактор болуп, кийин Маданият министрлигин жетектеп турганда да атабыз менен көп баарлаштым. Даңазалуу акын жөнөкөйлүгүнөн тайбаган, даанышман адам болчу. Байлыкка да, бийликке да умтулбастан, калемин колунан түшүрбөй, карапайым жашап өттү”, – деди.

Ошондой эле төрага ардагер акынга ардактуу сыйлыктар ыйгарылып, анын ичинен КР Баатыры наамы өз убагында берилгенин айтты.

"Элибизде "Өлгөндөр даңкталмайын, тирүүлөр баркталбайт" – деген жакшы кеп бар. Анын сыңарындай, улуу калемгер арабызда жок болсо да анын элесин эскерип, калтырган мурастарын урпактан-урпакка улантуу ар бирибиздин милдетибиз”, – деген пикирин айтты.

Эскерте кетсек, залкар акын 1925-жылы төрөлүп, 2016-жылы 91 жаш курагында каза болгон.

Эң көп окулган жаңылыктар