15:28, 15 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com
Чүй облусунда Ысык-Ата, Жайыл жана Панфилов райондорунда чегирткелердин очокторун аныктоо жана жок кылуу боюнча активдүү иш-чаралар улантылууда. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Узун-Кыр айыл өкмөтүнүн тургундарынын чегирткелердин көбөйүшү тууралуу билдирүүсү боюнча жалпы 1820 гектар аянтта изилдөө жүргүзүлдү. Анын ичинен 1 236 гектарда чегирткелердин очогу аныкталып, 480 гектар жерге химиялык иштетүү жүргүзүлдү.
Бүгүнкү күнгө карата Жайыл районунда 2 трактор жана Панфилов районунда 3 трактор жана атайын техникалар ыкчам тартипте химиялык иштетүүлөрдү жүргүзүүдө.
Ошондой эле Чүй облусунун башка райондорунда да мониторинг иштери улантылып, айыл чарба жерлеринде зыянкечтердин очогун аныктоо боюнча изилдөөлөр жүргүзүлүүдө.