16:14, 15 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com
Бишкекте хоккей боюнча Кыргызстандын курама командасын сыйлоо аземи болуп өттү. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Мамлекет башчысы спортчуларды куттуктап жатып, үч жылдан бери талыкпай машыгып, максатына жетүү жолунда кыйынчылыктарды жеңген Кыргыз курама командасы Түркияда өткөн хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионатта тарыхый жеңишке жетишкенин белгиледи.
«Албетте, мындай жетишкендиктердин артында талыкпай машыгуу, келечектеги жеңиштерге болгон ишеним жана ар тараптуу колдоо турат. Силердин өжөрлүгүңөрдүн, талыкпаган эмгегиңердин жана командалык духтун аркасында Кыргызстан тарыхта биринчи жолу дүйнөлүк чемпионаттын экинчи дивизионунун «Б» тайпасына чыкты», — деп белгиледи президент.
Садыр Жапаров өткөн чемпионатта өзгөчө жетишкендиктерге жеткен айрым хоккейчилерге токтолду: мыкты чабуулчу деп табылган Исламбек Абдыраев, Кузьма Терентьев — мыкты коргоочу жана команданын капитаны Мамед Сейфулов — мелдеш учурунда эң көп упай топтогон оюнчу аталды, ал 18 шайба киргизип, Израиль спортчусунун буга чейинки көрсөткүчүнөн ашты.
Сыйлоо аземинде мамлекет башчысы акчалай сертификаттарды тапшырды:
Кыргызстандын хоккей боюнча курама командасынын оюнчуларына — 600 миң сомдон, машыктыруучуларга — 800 миң сомдон, медицина кызматкерлери менен техникалык кызматкерлерге — 200 миң сомдон.