16:34, 15 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com
Кыргызстандын Чункурчак капчыгайында 15-18-май күндөрү тоо туризминин техникасы боюнча чемпионат башталды. Бул тууралуу Спорттук туризм федерациясынын басма сөз кызматы билдирди.
Федерация бул иш-чараны өлкөнүн спорттук туризминин маанилүү бөлүгү деп белгилейт жана көрүүчүлөрдү, күйөрмандарды туризмди жакшы көргөндөрдүн баарын чакырат.