16:49, 15 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com
Мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов кызматтан кетти. Бул тууралуу ал социалдык тармактагы баракчасында билдирди.
Касмамбетовдун айтымында, кызматтан кетүүсү жаш куракка байланыштуу. Ал 2025-жылдын 8-апрелинде 65 жашка толду.
Мыйзамды туу тутуп, үлгү көрсөтүп орунду бошотуп жатам. Жаңы адамдар келсин. Президент менен эриш аркак өтө сый-урмат менен иштешкениме миң мертебе ыраазымын. Бүгүн, президентке кайрылуу киргиздим. Ыраазычылыгын сурадым. Дайым, сиздер мененмин!",-деп жазган Касмамбетов.
Белгилей кетсек, ал 2021-жылдын 12-октябрында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик катчысы болуп дайындалган.