Салык кызматы алдамчылыктын жаңы түрү боюнча эскертти

17:40, 15 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com

Салык кызматы алдамчылыктын жаңы түрү боюнча расмий эскертүү берди. Анда салык кызматынын атынан шылуундар салык төлөөчүлөрдүн жана уюмдардын электрондук почтасына салыктык текшерүүлөр жана жоюулар жөнүндө жасалма каттарды жөнөтүүдө.

Ведомстводон билдиришкендей, электрондук каттар төмөнкү темадагы жасалма билдирүүлөрдү камтыйт:

«Салыктык текшерүү актысы аяктады»;

«Жоюу жөнүндө чечим»;

«Токтомду тез арада төлөө талабы».

Бул каттарда ишкананын ишин токтотуу коркутуулары жана текшерүү актысы менен таанышуу үчүн шектүү файлды жүктөө талабы коюлууда. Шылуундар каттарды расмий документтер катары жашырып, жалган шилтемелерди жана программалык камсыздоону орнотуу боюнча көрсөтмөлөрдү (айрыкча — Java) берүүдө. Бул компьютерге вирустун кирүүсүнө же маалыматтардын уурдалышына алып келиши ыктымал.

Эске салсак, Салык кызматы үчүнчү жак аркылуу эскертмелерди жөнөтпөйт жана документтерди көрүү үчүн кандайдыр бир программаларды орнотууну талап кылбайт. Бардык расмий билдирүүлөр «Салык төлөөчүнүн кабинети» аркылуу гана жөнөтүлөт.

Мындай электрондук кат келген учурда:

Каттардагы тиркемелерди жана шилтемелерди ачпоо керек. Алар зыяндуу программалык камсыздоону камтышы же жасалма ресурстарга алып барышы мүмкүн.

Катта сунушталган программаларды, анын ичинде расмий булактар тарабынан тастыкталбаган Javaнын бардык версияларын же башка тиркемелерди орнотпоону өтүнөбүз.

Катта келтирилген талаптардын мүнөзүнө карабастан андагы реквизиттер боюнча төлөм жасабоо керек.

Окуяны каттоо жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык тиешелүү чараларды көрүү үчүн укук коргоо органдарына кайрылуу зарыл.

Абайлаңыз — өзүңүздү жана уюмуңузду кибер коркунучтардан коргоңуз!