16:55
USD 87.45
EUR 97.93
RUB 1.09

Догдуркүл Кендирбаева менен Бактияр Орозовду дайындоо жарлыктарына кол коюлду

Илим, жогорку билим берүү жана инновация министри болуп Бактияр Орозов, Агартуу министри болуп Догдуркүл Кендирбаева дайындалды. Тийиштүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Бир күн мурун Жогорку Кеңештин депутаттары бул дайындоого макулдугун беришкен.

Эске сала кетсек, буга чейин Садыр Жапаров Билим берүү жана илим министрлигинин жана Интеллектуалдык менчик жана инновациялар боюнча мамлекеттик агенттиктин базасында Илим, жогорку билим берүү жана инновация министри менен Агартуу министрлигин түзүү жөнүндө Жарлыкка кол койгон.

Эң көп окулган жаңылыктар