14:15
USD 87.45
EUR 97.93
RUB 1.09

Расмий түрдө. Сүйүнбек Касмамбетов мамлекеттик катчы кызматынан бошотулду

Интернеттен алынды
Фото Интернеттен алынды
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 9-пунктуна, 71-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Касмамбетов Сүйүнбек Сапарбекович башка ишке өткөндүгүнө байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Эске салсак, Сүйүнбек Касмамбетов бүгүн, 15-майда кызматтан кетүү боюнча арыз жазган. Анын айтымында, анын кетиши жаш курагына байланыштуу; мамлекеттик кызматта 43 жыл иштеген.

Сүйүнбек Касмамбетов 1960-жылы 8-апрелде Нарын шаарында туулган.

Билими жогорку: 1987-жылы Кыргыз мамлекеттик университетинин тарых факультетин бүтүргөн.

Эң көп окулган жаңылыктар