Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 9-пунктуна, 71-беренесине ылайык Иманкулов Марат Муканович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.
Белгилей кетсек, Марат Иманкулов Коопсуздук кеңешинин катчысы кызматын аркалаган. Анын ордуна коргоо министри болуп иштеген Бактыбек Бекболотов дайындалды.