22:53, 15 мая 2025, Бишкек - 24-kg.com
Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 9-пунктуна, 71-беренесине ылайык Иманкулов Марат Муканович мурда ээлеген кызмат ордунан бошотулуп, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.