Президент Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, КР Конституциясынын 70-беренесинин 1-бөлүгүнүн 6-пунктуна, 71-беренесине ылайык Талас облусунун Бакай-Ата районунун мамлекеттик администрациясынын башчысы — акими Имаров Алгынбай Төралиевич ээлеген кызмат ордунан бошотулду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.