15:43
USD 87.45
EUR 97.93
RUB 1.09

Руслан Мукамбетов КР коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаров кол койгон Жарлыкка ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 70-берененин 1-бөлүгүнүн 2-пунктуна, 8-бөлүгүнө, 71-беренесине ылайык Мукамбетов Руслан Мустафаевич Кыргыз Республикасынын коргоо министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын коргоо министринин кызмат ордуна дайындоо үчүн Руслан Мукамбетовдун талапкерлиги Жогорку Кеңешке макулдашуу үчүн киргизилет.

Эң көп окулган жаңылыктар